Вторник, 21 мая

Өлкөдө 14 миң 629 адам коронавируска каршы эмдөө алды

0

Кыргызстанда суткада 14 миң 629 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 292 адам вакцинанын биринчи дозасын, 8 миң 337 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 714 миң 26 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 497 миң 664 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз