Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.
8-январь саат 11:30га карата төмөнкү өткөрүү бекеттер иштөөдө:
- «Чалдыбар» (Кыргызстан) — «Сыпатай Батыр» (Казакстан) чектөөлөр менен:
— Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;
— Казакстанда жүргөн кыргызстандыктар “Чалдыбар” өткөрүү бекети аркылуу келе алышат;
— Кыргызстанда жүргөн Казакстанстандын жарандары “Чалдыбар” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;
— жүк ташуучу унаалар “Чалдыбар” өткөрүү бекетинен Казакстандын аймагына чектөөсүз өтөт.
- “Ак-Жол” (Кыргызстан) – “Кордай” (Казакстан) чектөөлөр менен:
— Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;
— Казакстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары “Ак-Жол” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;
— Кыргызстанда жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Жол” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;
— Жарандар бир гана жөө өтө алат.
- “Ак-Тилек” (Кыргызстан) – “Карасу-унаа” (Казакстан) чектөөлөр менен:
— Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;
— жүк ташучу унаалардын айдоочулары — Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары Казакстандын аймагына кире алышат;
— жүк ташуучу унаалардын айдоочулары — Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана үчүнчү мамлекеттердин жарандары Казакстандан Кыргызстанга кете алышат;
— Казакстанда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Казакстандан “Ак-Тилек” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;
— Кыргызстанда жүргөн Казакстандын жарандары Кыргызстандан “Ак-Тилек” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат.
- Талас районундагы “Чоң-Капка” (Кыргызстан) – “Айша-Биби” (Казакстан) чектөөлөр менен:
— Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;
— Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик жүк ташуучу унаалар гана өтө алат;
— Казакстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары Казакстандан “Чоң-Капка” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;
— Кыргызстанда жүргөн Казакстанстандын жарандары “Чоң-Капка” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат.
2022-жылдын 8-январы саат 11:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү бекеттеринде адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолуусу катталган жок.
УКМКнын Чек ара кызматы өткөрүү бекеттеринин ишиндеги бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип турат.