Воскресенье, 19 мая

Казакстанда учурда абал кандай?

0

Казакстандын борбор шаары Нур — Султанда өзгөчө кырдаал шарттары астында жашоо улантылууда.

Борбор шаарда жалпы өлкөдө жарыяланган «жогорку кооптуу абалдан» улам коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Шаарда президенттик сарай Акорда башта болгон бардык расмий мамлекеттик имараттар менен социалдык объектилер атайын кыймыл аскерлери тарабынан күнү – түнү коргоого алынууда.

Борбор шаардын бардык кирип  — чыгуу жолдоруна полициялык көзөмөлдөө посттору курулду.

Чоң соода  жана оюн —  зоок борборлору, кафе, ресторандардын көпчүлүгү жабылган шаарда маркеттерден гана соода кылууга болот.

Банктар менен валют алмаштыруучу жайлардын иши токтогондугуна байланыштуу жана интернет үзгүлтүктөрүнөн улам төлөмдөрдө накталай акчага муктаж болгон шаар тургундары банкоматтардын алдында кезекке турушту.

Саат 23 :00 – 07:00 арасында коменданттык саат киргизилген Нур  — Султан полициянын катуу  көзөмөлүндө.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда өлкөдө 2- январда суюлтулган газдын кымбатташы менен чыккан окуялар боюнча  араларында башка өлкөлөрдүн жарандары да болгон 4 266 киши камакка алынды.

Казакстандын мурдагы Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасы Карим Масимов да мамлекетке кыянаттык кылуу менен камакка алынды.

Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаевдин өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча сөздөрдүн чындыкты чагылдырбагандыгы билдирилди.

Назарбаевдин катчысы Айдос Үкибай  твиттерден берген маалыматында Назарбаевдин борбор шаар Нур — Султанда экендигин, бир топ кеңешүү жыйындарын өткөргөндүгүн, Касым Жомарт Токаев менен телефон аркылуу байланышта экендигин билдирди.

Назарбаевдин дос өлкөлөрдүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгилеген Үкибай куруучу президенттин учурдагы кыйынчылыктардан өтүү, өлкөнүн бүтүндүгүн түзүү үчүн элди президент Токаевдин айланасында чогулууга чакыргандыгын белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз