Вторник, 7 мая

Коронавирус жуктурган 198 учур катталды

0

Сутка ичинде коронавирус дагы 198 адамдан табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 136, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада илдеттен бир бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 65 адам коронавирус жуктурган, ал эми 2 миң 819 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз