Воскресенье, 19 мая

Өзбек туугандар Ош шаарына 10 миң көчөт белек кылды

0

Бүгүн Ош шаарына Өзбекстандын Анжиян облусунан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Анжияндын губернаторунун орун басары Азиз Максумов баштаган делегацияны Ош шаарынан вице-мэр Сонунбек Жунусбаев «Достук» өткөрмө бекетинен тосуп алган.

«Көчөттөр коңшулаш Анжияндан экинчи борбор калаага белек катары жөнөтүлгөн. Эки тараптуу мамилелерди бекемдөө максатын көздөгөн бул иштин алкагында делегаттар менен бирге Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, аксакалдар көчөттөрдү отургузушту», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия жакында 10 миң түп павловния көчөтүн шаар аймагына бир күндө отургузуу иш-чарасы болорун кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз