Вторник, 7 мая

Зеленский Орусия-Украина сүйлөшүүлөрү тууралуу пикирин билдирди

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулдагы Орусия менен болгон сүйлөшүүлөрдү оң деп тапканын белгиледи.

Орусия-Украина согушунун 34-күнүндө билдирүү жасаган Зеленский, Украина жана Орусиянын сүйлөшүүчү делегацияларынын Стамбулдагы Президенттик Долмабахче иш кеңсесинде өткөргөн жолугушуусуна баа берди.

Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдү оң деп тапканын белгилеген Зеленский: «Сүйлөшүү аянтчасынан алынган сигналдарды позитивдүү деп атоого болот. Бирок бул сигналдар орус куралдарынын үнүн баспайт»,-деди.

«Украинанын Куралдуу күчтөрү жана коргонууга катышкандардын баары — биздин бүгүнкү жашообуздун жападан жалгыз кепилдиги», — деген Владимир Зеленский, «кыйратууну улантып жаткан мамлекеттин өкүлдөрүнөн келген» сөздөргө ишенүүгө эч кандай негиз көрбөгөнүн кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз