Суббота, 27 апреля

Өтмөк ашуусу кечке чейин жабылды

0

Бүгүн, 30-мартта, Өтмөк ашуусу 18:00гө чейин жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Өтмөк ашуусунун 14-чакырымына чейин артиллериялык каражат менен кар көчкү атайылап түшүрүлмөкчү. Кайра ушул эле күнү кечки саат 18:00дө ашууда жол ачылары айтылды.

Министрлик буга байланыштуу Өтмөк ашуусундагы Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунан өтө турчу айдоочуларды каттамын алдын ала ойлонуштуруп алууну эскертти.

Министрлик 29-марттан тарта аба ырайынын кескин бузулушунан улам Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Өтмөктөгү Кара-Ой айылында оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө чектөө киргизгенин белгиледи. Жеңил унаалар үчүн жол ачык. Тиешелүү кызматкерлер трассаны тазалап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз