Четверг, 25 апреля

Стамбул – керемет шаар

0

Дүйнөдөгү эң популярдуу туристтик борборлордун катарына кирген Стамбул шаарынын өзгөчө искусствосу, маданияты, тамак-ашы жана базарлары жаңы үч жарнамалык тасмада көрсөтүлөт. Алар: “Стамбул ашканасы керемет”, “Стамбулда соода керемет” жана “Стамбул искуссвосу керемет” аталышындагы жарнамалык тасмалар шаарды таанытат. Күнү-түнү жашоосун уланткан бул шаардын көп кырдуулугу жана динамикасы бул тасмада көрсөтүлүп, баардык курактагы, ар кайсы табиттеги жана капчыктын жука калыңдыгына карабастан баардык адамдарга багытталат.

2021-жылы Стамбул шаары алдыңкы басылмалардын окурмандарынын сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты шаарлардын бири катары таанылган.

«Стамбул ашканасы керемет», «Стамбулда соода керемет» жана «Стамбул искусствосу керемет» деп аталган жарнамалык видеолор ар тараптуу жана жандуу шаарды популярдуу жай катары чагылдырып, кыска жана узак мөөнөттүү коноктор үчүн кеңири тандоолорун тартуулайт. Бул жарнама 178 мамлекетте телевидениелерде жана санариптик каналдар аркылуу көрсөтүлөт.

Стамбул искусствосу керемет: тарыхка бай, көптөгөн көркөм жана маданий иш-чаралар

Стамбул ашканасы керемет: ар бир көчөдө ар кандай даамдар.

Стамбулда соода керемет: Стамбул — глобалдык соода борбору.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз