Суббота, 4 мая

Коронавирус илдети 3 адамдан табылды

0

Бүгүн, 14-апрелге карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 3 жарандан аныкталды.  Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте бир, Чүй облусунда эки жаран ооруга кабылды. Илдеттен бир жаран айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 63 бейтап, амбулатордук түрдө 24 адам дарыланууда.

63 бейтаптын ичинен 38инин абалы орто оор, 21и оор жана төртөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 304 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз