Суббота, 4 мая

Москвада ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өттү

0

Москвада 16-майда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) 30 жылдыгына арналган жыйын өттү. Жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өз ара кызматташуунун актуалдуу багыттары, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позицияларды биргелешип координациялоо жана жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча пикир алышуу болду.

Жыйынтыгында уюмдун 30 жылдыгына байланыштуу биргелешкен билдирүүгө кол коюлуп, Казакстанга быйыл январда жиберилген ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясынын катышуучуларын сыйлоо жөнүндө чечимин кабыл алынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз