Вторник, 7 мая

Садыр Жапаров Путин менен жолугушту

0

Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу форматта жолугушту.

Путин эки мамлекеттин мамилеси жакшы нукта өнүгүп жатканын белгилеп, өткөн жылы товар жүгүртүү өсүп 34 пайызга чыкканын айтты.

“Орусия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө ишенимдүү түрдө биринчи позицияны ээлейт. Албетте, өзүнчө талкуулай турган маселелер бар. Биздин бүгүнкү эл аралык иш-чарабыздын аянтчасында ал көйгөйлөр боюнча дагы сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болору кубандырат”, — деди Путин.

Өз кезегинде Жапаров орусиялык кесиптешине жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошону менен бирге Кыргызстан Орусия менен ар дайым бардык багыттар боюнча өз ара кызматташууга даяр экенин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз