Суббота, 4 мая

Бүтүрүүчүлөргө аттестат качан берилет?

0

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө 7-июль күнү аттестат берилет. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошону менен эле катар 9-классты бүткөнү тууралуу күбөлүктөр 5-июлда берилет.

Белгилей кетсек, 2021-2022-окуу жылында 9-классты — 106 219, 11-классты 67 045 окуучу бүтүрдү.

Буга чейин Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча сертификаттар 27-июндан 4-июлга чейин чыгары айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз