Суббота, 20 апреля

Түркияда V-Ислам тилектештик спорт оюндары өтүүдө

0

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик спорт оюндарына Кыргызстандын спорт делегациясынан 158 киши катышууда. Бул тууралуу Спорт департаменти билдирди. Маалыматка караганда, аталган оюндарга Кыргызстандан баргандар спорттун 16 түрү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 112 спортчу килемге чыгат.

Курама топко өлкөнүн атын чыгарган спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев, Денис Петрашов ж.б кирген.

Белгилей кетсек, V — Ислам тилектештик спорт оюндары 9-18 августта Түркиянын Конья шаарында өткөрүлөт. Ислам тилектештик оюндарына 54 өлкөдөн 3500дөн ашык спортчулар катышаары күтүлүүдө. Спортчулар спорттун 23 түрү боюнча күч сынашат.

Алдыда өтөтурган V — Ислам тилектештик спорт оюндарына карата Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу атайын макала да жазган. Министр Мехмет Мухаррем Касапоглунун оюндар тууралуу макаласын жарыялайбыз:

Дүйнөдө тынчтык жана толерантуулукту орнотуу үчүн канча күч, канчалаган аракеттер жумшалды. Ал арада Түркия жер жүзүндө  биримдик, ынтымакты чындоонун жаңы жолдорун сунуштап, 5-Ислам тилектештик спорт оюндарын өткөрүүгө белсенүүдө. Дүйнөнүн 56 ислам өлкөсүнөн 6 миңге чукул спортчу бир майданга чогулуп, гармониялуу позицияларын көрсөтүшөт. Кандай гана айырмачылыктар болбосун биригүүгө мүмкүн экендигин далилдөөгө аракет кылышат.

Катышуучулардын басымдуу бөлүгү мусулмандар жана мусулман өлкөлөр болгону менен башка ишенимдеги жарандар да спорттук иш-чарага келип, көңүл ачып, чер жазып, исламдын баалуулуктары менен таанышып кетсе болот. Анткени Ислам дини тили, динине карап адазатты чектебеген, адеп-ахлак, тилектештиктин дини болуп саналат. Түркия муну менен кандай гана шарт, кандай гана адамдар менен болбосун тынчтыкты сактоого жана ынтымакты бекемдөөгө болотурганын далилдөөгө аракет кылат. Дал ушул максатта Ислам тилектештик спорт оюндарын өткөргөнү турат.

Ислам тилектештик спорт оюндары ислам дини менен жаңыдан тааныш, же жаңыдан мусулманчылыкка өтүп келе жаткан өлкөлөргө Ислам дининин баалуулуктарын жайылтууга, улуттук жаратылыш байлыктарын чагылдырууга жана өз ара таанышууга, достук байланыштарын чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Ислам дининде спорттун мааниси жана орду тууралуу академиялык симпозиум өтөт. Анда спорттун коомдук тынчтыкка кошкон салымы, Курандагы тилектештик жана интеграция принциптери талкууланат. Бул иш-чара катышуучуларга исламий маселелерди жатка түшүнүү үчүн бирдиктүү жана ар тараптуу атмосфераны түзөт.

Дүйнөдө дини бир, тили башка миңдеген мусулман өлкөлөрү бар. Агымдары, жамааттары ар башка, географиялык орду, жашоо шарты, турмушу бири-бирине окшобогон мусулмандар үчүн бирдиктүү бир трибуна керек болуп турат. Бул трибуна дал ушул спорттук оюндардан башталат. Ислам өлкөлөрүн спорттук оюндары дүйнө мусулмандарынын башын бириктирип, пикир-келишпестик, кара-каршылыктын алдын алат.

Ислам мамлекеттеринин тилектештик спорт оюндарын өткөрүү бүгүнкү күндүн башкы талабы, муктаждык болуп турат. Бул талап менен муктаждык бизге Ислам тилектештик спорт иш-чараларын өткөрүүгө түрткү берди. Биз Исламдын жалпыга ачык болушуна шарт түзүп, ислам өлкөлөрүндө спортту өнүктүрүүгө кызыктарбыз. Бул багытта алдыда чоң максаттарыбыз бар. Түркия иш-чаранын уюштуруучусу катары бул оюндарды мындан ары да күчтөнтүүгө жана жайылтууга даяр. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз