Воскресенье, 19 мая

АКШ элчилиги: Виза алуу мөөнөтүн кыскартабыз

0

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу убактысын кыскартууга бардык аракеттер жумшалып жатканын билдирди. Дипломатиялык өкүлчүлүк бул аракеттер эки өлкө ортосундагы карым-катнашты чыңдоо үчүн жасалып жатанын белгилеген.

«АКШ элчилиги виза алуу убактысын кыскартып, АКШ менен Кыргыз Республикасынын элдеринин ортосундагы карым-катнашты чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Ошол эле учурда биз ачык болуп, Кыргызстандын бардык жарандарынын виза алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого аракет кылып жатабыз. Ошондуктан, 12-сентябрда ноябрга жана кийинки айларга визалык интервьюларга катталууга жаңы орундарды ачабыз», — деп жазылган элчилик тараткан маалыматта.

Сентябрь айынын башында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушуп, кыргыз жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Элчи АКШга окууга өткөн кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну жана туристтик визаны беш жылдык эмес, 10 жылдык мөөнөткө узартуу зарылдыгын белгиледи.

Брайн Стимлер АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде виза алууга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын себептерин иликтеп, жообун берүүнү убада кылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз