Пятница, 19 апреля

Ысык-Көл бүгүн да тынч эмес. Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

0

Ысык-Көлдө жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Билдирүүгө ылайык, күн мурун, 22-ноябрда саат 08:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Тоң районунун Ак-Сай, Эшперов, Төрт-Көл, Көк-Сай, Туура-Суу, Тогуз-Булак, Темир-Канат айылдарында 3 балл, Бөкөнбаев, Коңур-Өлөң айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ысык-Көлдө кечээ да эки жолу жер титиреп күчү 3 жарым баллга жеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз