Четверг, 1 декабря

Касмамбетов алдыда өтчү курултайдын жол жобосун түшүндүрдү

0

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 25-26-ноябрында биринчи Элдик курултай Бишкек шаарында өткөнү турат. Мына ушул курултай кандай форматта жүрөт жана кимдер катыша ала тургандыгы тууралуу мамлекеттик катчы, биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов менен маек курдук.

— Саламатсызбы, суроону ток этер жеринен баштасам, Элдик курултайды өткөрүүнүн негизги идеясы эмнеде жатат?

— Саламатчылык, курултайдын өзөгү – президент менен элдин баарлашуусу, маеги жана бетме-бет жолугушуусу. Эл иш-чарага кантип келет? Атайын кабыл алынган убактылуу жобого ылайык, бир дагы мамлекеттик кызматкер, депутат, аткаминер делегат болуп шайланбайт. Айылдык кеңештин депутаттары уюштуруп, шарттарды түзөт. Ошондой эле окутуу жоболорду элге кеңири жайылтуу иштерин аткарат. Ар бир айылда өткөн жыйында эл өздөрү делегаттарды тандап, добуш берүү жолу менен тандайт. Керек болсо курултайдын төрагасын дагы эл өзү чечет.

Курултайды жашы улуу аксакал баштап, анан төрага, анын орун басарлары шайланат, өздөрү регламент, эсептөө, мандаттык комиссиясын бекитет. Башкача айтканда, алардын күн тартиби болот. Курултайдын убактылуу мыйзамы кабыл алынганга чейинки катчылыгы шайланат. Чыныгы Элдик курултай болот деп так кесе айта алабыз.

Жарлыкта ар бир айылдан экиден, Бишкекте 60, Ош шаарынан 30, мигранттардан 28 делегат курултайга катышат деп бөлүштүрүлгөн. Президент ар бир айылдын үнүн угушум керек деп жарлыгында белгилеген. Алдыдагы иш-чарага жалпы жонунан 1 миң 74 делегат катышканы турат.

— административдик-аймактык бирдиктерден — 1 миң 36 делегат;

— чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;

— диний конфессиялардан — 10 делегат.

— 452 айылдык аймактын ар биринен экиден (904 делегат);

— облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

— Бишкек шаарынан — 60, Ош шаарынан — 30 (90 делегат).

— Жер-жерлерден делегаттар шайланып, курултайга келгенден кийинки кадамдар тууралуу сөз кылсаңыз. Жарандар отчетту угуп эле тарап кетеби же суроо бергенге дагы мүмкүнчүлүк түзүлөбү? Иш-чаранын форматы туурасында кеп кылсаңыз.

— Эң жакшы суроо бердиңиз. Президент Конституция боюнча аткаруу бийлигинин башында турат. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, ички-тышкы маселе, чек ара, ири инвестициялык долбоорлор менен иштешүүсү өлкө башчынын түздөн-түз көзөмөлүндө. Бул иштерди ишке ашыруу үчүн министрлер кабинети түзүлгөн. Аталган курултайда президент өлкөнүн бардык тармагы боюнча эл алдында аткарылган жана аткарыла турган иштер туурасында баарын айтып берет. Өзүнүн докладында өлкөнүн социалдык-экономикалык акыбалы, анын ичиндеги чек ара, айлык акы, мамлекеттин коопсуздугу камтылат. Анын кайрылуусу эки компоненттен турат: сөздүн бир бөлүгү видео-сюжет менен кетет, эң негизги бөлүгүн өзү кайрылып сүйлөйт, экинчиси, курултайдын каалаган делегаты сүйлөйт, чек жок. Курултайды төрагасы ачат, андан кийин сөзгө жазылып, катышуучулар сунуштарын айтат. Курултайдын катчысы анын баарын стенограммага түшүрүп, видео-тест түрүндө да жазылат.

Эми суроо боюнча, ар бир делегат суроо берүүгө укуктуу. Эгер микрофонго тизилип 1 миң 74 делегат суроо берсе, курултай бир айга созулуп кетет. Ошону үчүн уюштуруу комитети төмөнкүнү сунуштады: делегаттын ар биринин суроосу болсо кагаз жүзүндө курултайдын катчысына жөнөтөт. Экинчиден, айылынын көйгөйүн делегат кагазга жазып келет, катчы милдеттүү түрдө аны каттоодон өткөрөт. Жаран сүйлөйбү, сүйлөбөйбү, ар бир айылдын көйгөйү курултайдын сунуштарынын курамына кирет жана аткарууга кабыл алынат.

— Элдик курултайга жалпы жонунан 1 миң 74 делегат катышат деп калдыңыз, ал эми башка каалоочулар иш-чараны кантип көрсө болот?

— Курултай эшигин ачкан күнү делегаттар гана кирет. Бирок иш-чара түз эфирден көрсөтүлүп турат. Каалоочулар иш-чаранын ачылышынан баштап, жабылышына чейин көрүүгө болот.

— Делегаттардын катарына мигранттар дагы кирет экен. Бул жаатта уюштуруу иштери кандай жүрдү?

— Мигранттарга 28 орун бөлүндү. Жарандарыбыздын эң эле көбү Россия, Казакстан, Түркияда бар экен. Биздин элчиликтер тапшырма алып, уюштуруу иштерин жүргүздү. Мигранттык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкан. Алар өздөрү тандоо жургүзүп, Бишкекке делегаттарын жиберет.

— Аткаруу бийлиги курултайда мындан сырткары, Жогорку Кеңеште өзүнчө маалымат берсе, ошондо эки жерге отчет берип калабы? Депутаттарга өзүнчө, элге өзүнчө дегендей.

— Абдан туура суроо болду, аткаруу бийлиги эмне үчүн курултайга, парламентке отчет берип иштеш керек дегендер чыгып жатат. Бирок өкмөт Жогорку Кеңештин алдында гана толугу менен отчет берет. Ал эми курултайда аткаруу бийлигинин башында турган президент кылган иштерин, алдыда аткара турган иштери жана ар кандай коомду кызыктырган суроолорго жооп берет. Делегаттардын пикир-сунушун дагы угат. Жогорку Кеңеш өз ордунда мыйзам чегинде милдеттерин аткырып кете берет. Курултай болсо мамлекетке, президентке сунуш берүүчү органга айланат.

— Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик каалайм.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз