Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирдүүсү боюнча, кечээ 29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгын белгилөө салтанатында Ала-Тоо аянтында 14 бала адашып кеткен. Аларды милиция кызматкерлери таап ата-энелерине кайтарып берди.
Жергиликтүү жана чет элдик ырчылар катышкан концерттик программа кечке жуук башталып түнкү 11ге чейин уланды.
Шаар күнүн майрамдоо үчүн миңдеген шаар тургундары жана коноктор келишкен. Милиция кызматкери коомдук коопсуздукка көз салып, тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтары да нөөмөттө болду.