Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жана Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы Ташкент облусунун Зангиата районундагы жатак абактын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ага кызматкери, подполковник Асомхожа Аброров депрессиянын айынан иш бөлмөсүндө өзүн асып өлтүргөнүн кабарлады.
Учурда өзүн-өзү өлтүрүү фактысы боюнча башкы прокуратура териштирүү баштады.
Маркум бир ай мурун Ахангаран шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгынан бошотулуп, Зангиатадагы жатак түрмөгө которулганын жана бул ишине канааттанбай жүргөнүн жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин бири айты жана ал “Эмгек кодексине ылайык, иш күн сегиз саатты түзүп, ишенби-жекшемби дем алыш болушу керек. Бирок биз күнүгө 18 сааттан иштейбиз, жумуш оор, соттолгондор менен иштөө кишини чаалыктырып жиберет”, — деп айтты.
Өзбекстан ИИМинин кадрлар бөлүмүнүн өкүлү өздүк курамдын офицерлери чындыгында дем алышсыз иштеп, чарчашаарын мойнуна алды.