Воскресенье, 24 ноября

Мьянмага санкциялар узартылды

0

Европа Биримдиги Мьянмага карай курал эмбаргосу жана айрым жооптуу кызматкерлерди камтыган санкциялардын мөөнөтүн бир жылга узартканын билдирди.

Мьянмага карай курал эмбаргосу жана ички кысымда колдонулуучу жабдуулардын экспортуна байланыштуу санкциялардын мөөнөтүнүн бир жылга узартылгдыгынын маалыматын Европа Комиссиясы жазуу түрүндө билдирди.

Билдирүүдө санкциялар Мьянмадагы Качин, Шан жана Аракан аймагында адам укуктарын бузган жогорку даражалуу 14 аскер жана полиция кызматкерин да камтыганы айтылган. Европа Биримдигинин аты аталган мыйзам бузууларга терең кайгырганы жана Мьянма өкмөтүн кечикпестен чечкиндүү кадамдарды таштоого чакырганы билдирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз