Воскресенье, 24 ноября

Россия менен Иран машыгуу өткөрөт

0

Россиянын Деңиз күчтөрү менен Араб деңизинде биргелешкен аскердик машыгуу өткөрө тургандыгын Ирандын Деңиз күчтөрү командири контр-адмирал Хүсейин Ханзади маалымдады.

Индия океанынын уландысы болгон Араб деңизинде Орусия менен өткөрө турган аскердик машыгууга байланыштуу Ханзади баш калаа Тегеранда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.

Хүсейин Ханзади Иран менен Орусия флотторунун ортосунда көбүнчө окутуу, техникалык жана операциялык темаларда кызматташуунун уланып жатканын белгилеп: «Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде чыгыралган чечимге ылайык Орусиянын Деңиз күчтөрүнө таандык деңиз флоту быйылкы жылы Ирандын түштүгүнө барат жанаалар менен чогуу биргелешкен машыгуу өткөрөбүз. Эл аралык суулар бүткүл дүйнө өлкөлөрүнө таандык жана ар ким бул жерлерди тынчтык максатта колдоно алат. Иран мунай танкерлерин жерибиздин бир бөлүгү катары эсептейбиз. Ушундан улам Иран флоту бул танкерлерди коргойт», — деп билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз