Воскресенье, 24 ноября

Стамбулдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

0

Түркиянын БШКсы Стамбулдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Стамбул мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алды. Боршайком ошондой эле Стамбулдагы муниципалдык шайлоону кайра өткөрүү боюнча токтом чыгарды.

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана кайталап добуш берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 11 мүчөсүнүн 7сү колдоп добуш беришти. Комиссиянын төрт мүчөсү ал чечимге каршы добуш беришкен. Мындай чечим мегаполиске шайлоо өткөрүүдө олуттуу мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу билдирген Адилеттик жана өнүгүү (АЖӨ) партиясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

Стамбулдун мэрлиги үчүн жаңы шайлоо 23-июнда болмокчу. Түркияда муниципалдык шайлоо 31-мартта өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз