“Миң-Булак” мунай кенинен жылына 200 миң тонна мунай сордурулуп алынары күтүлүүдө.
Өзбекстандын Наманган облусунун аймагындагы “Миң-Булак” мунай кенинен алгачкы мунай сордурулуп алынды. Анда кендеги мунай өндүрүү иштерин “Өзбекмунайгаз” АКнын катышуусу менен “Миң-Булакмунай” биргелешкен ишканасы жана кытайлык СNPC компаниялары жүргүзүүдө.
Өзбекстандын энергетика министрлигинин билдирүүсүндө, мунай алты миң метр тереңдиктен сордурулуп алынууда. Бул кенден жылына 200 миң тонна мунай өндүрүү күтүлүүдө. Биргелешип эксплуатациялоо боюнча CNPC жана “Өзбекмунайгаздын” ортосунда 2011-жылы кол коюлган макулдашууга ылайык, кытайлык тарап мунайды чалгындоо жана кайра иштетүүгө 255,3 млн. доллар инвестициялайт.
“Өзбекмунайгаздын” маалыматына ылайык, бул кендин 1992-жылы аныкталган жалпы кору эки миллион тоннага жакынды түзөт. Өзбекстандын өкмөтү 2021-жылга чейин мунайгаз тармагындагы 78 долбоорго 30,4 млрд. доллар инвестициялоону пландаштырууда. Өзбекстанда мунай өндүрүү өткөн жылы 8,2%га – 746,4 миң тоннага кыскарган.