Воскресенье, 24 ноября

Түркия менен  Кыргызстандын товар жүгүртүүсү $1 млрд.га чыгат

0

Түркия ТИМнин жетекчиси  Мевлүт Чавушоглу кыргызстандык кесиптеши менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Түркия менен  Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга чейин жеткирүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Түркиянын ТИМнин жетекчиси Мевлүт Чавушоглу кыргызстандык кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Анкарада өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Брифинг Кыргыз-түрк биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 3-жыйынынын натыйжаларына арналып өткөрүлдү.

Түрк дипломатиясынын башчысы ошондой эле FETÖ террордук уюму менен күрөшүүдөгү Кыргызстандын салымын да белгиледи. «Биз FETÖго тиешелүү мүлк боюнча кыргыз сотунун чечимин тарыхый деп эсептейбиз. Биз боордош өлкөдөн мындан ары да ушундай мамилени күтөбүз», — деди  Чавушоглу.

Чавушоглунун айтуусунда, Анкара жана Бишкек мындан ары да эл аралык платформаларда тилектештигин көрсөтүүгө ниеттенишүүдө. «Биз аймакта түзүлгөн мекемелер, биринчи кезекте Түрк кеңешинин алкагында  аткара турган иштердин натыйжалуулугун арттыруу боюнча биргелешкен максаттарды улантабыз», — деди ал.

Жыйындын алкагында ТИМ жетекчилери «Түркия жана Кыргызстандын жарандарынын өз ара сапарлары тууралуу протоколго» жана «Жумушчу визасына чыгымдарды төмөндөтүү тууралуу нотага» кол коюшту.

Чыңгыз Айдарбеков Түркияга өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу боюнча  расмий визит менен барган.

Сапардын учурунда Айдарбековдун өлкө жетекчилиги, ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуулары пландаштырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз