Воскресенье, 24 ноября

Кытай миң жылдык мечиттерди талкалоодо

0

Кытай мамлекети Шинжан Уйгур автономдуу областтында миң жылдык таарыхка ээ болгон мечиттерди жана күмбөздөрдү, жалпысынан 33 диний жайларды түп тамыры менен же кээ бирин жарым жартылай бузгандыгы айтылууда.

Guardian жана Bellingcat ачык изилдөө сайттарынын маалымдашы боюнча Кытайда уйгурларга таандык мечиттер бузулууда. Спутник аркылуу тартылган сүрөттөр, жергиликтүү тургундардын айтуусу жана карта түзүү аспаптарынын жардамында 100 мечит жана күмбөздөр тизмеленип алардын акыркы абалдары текшерилди.

Чатыр (Кубба) жана мунара сыяктуу өзгөчөлүктөргө ээ болгон 91 тарыхий имараттан 31 мечит жана эки чоң күмбөзгө 2016-2018-жылдарда олуттуу зыян келтирилгендиги белгиленди. Булардан 15 мечит жана эки күмбөз абдан чоң же тагыраагы толлугу менен талкаланып, калган имараттардын негизги бөлүктөрү же чатыры же болбосо мунаралары талкаланганы аныкталды. Ошондой эле куббе жана мунара сыяктуу белгилүү өзгөчөлүктөргө ээ болбогон бирок Шинжан Уйгур автономдук областынын тургундары мечит болгонун айткан 9 имарат түп тамыры менен жок кылынгандыгы байкалды.

Буздурулган тарыхий имараттардын арасында Уйгурлар үчүн өтө чоң мааниге ээ болгон Имам Асым жана Жафери Садык күмбөздөрү жана 1237-жылы курулган Хотан шаарындагы Керия Аитика мечити жана Кашкар шаарындагы 500 жылдык Каргылык мечити да бар.

Иликтөөдө бузулду делген жүздөгөн, ал тургай миңдеген дииний жайларды тактоо кыйын болгондугу, буга алардын көпчүлүгү айыл жергелериндеги мечиттер экендиги жана ошондой эле аларды иликтөөгө полициянын журналисттерге же иликтөөчүлөргө тоскоолдук жараткандыгы айтылды.

Эл аралык уюмдардан Кытайга кайрылуу

Дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөр, эл аралык уюмдар жана жарандык коом Кытайдын Уйгурларга карата жасаган иш-аракеттери боюнча сын айтышууда. Европа Биримдиги Кытай менен өткөн жылдын июль айындагы Пекинде болгон жыйында Кытайда адам укуктарынын корголуусун, дииний ишенимдерге сый көрсөтүлүүсүн, сөз эркиндигин жана адамдын негизги укуктарын бузуу менен камакка алынган тибеттиктердин жана уйгурлардын эркиндикке чыгарылуусун талап кылынган.

АКШ Конгрессинде бул маселеге байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулоо уланууда. Долбоордо бир миллиондон ашык уйгурга байланыштуу адам укуктарын бузуу фактысы боюнча АКШнын Кытайга каршы санкция жарыялоосу сунуш кылынууда.

Бириккен Улуттар уюмунун Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча комитети 2018-жылдын 30-августундагы отчетунда бир миллиондон ашык уйгур Кытайдын кайра тарбиялоочу лагерлерде кармалып жатканын баса белгилеп, Кытайдын бул иши адам укуктарын бузууда коркунучтуу чекке жеткендигин билдирген.

Европа Парламенти да өткөн жылдын октябрь айындагы кабыл алынган чечиминде кайра тарбиялоочу лагерлердин тезинен жабылуусу жана ал жерде мыйзамсыз кармалып жаткан бир миллиондой уйгурдун боштондукка чыгарылуусу Кытайдан талап кылынган.

Эл аралык кечирим уюму, Инсан укуктарын изилдөө уюму (Human Rights Watch) жана башка көптөгөн уюмдар адам укуктары тепселенген бир миллиондон көп уйгурдун укугун коргоп Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарын коргоо комитетине кайрылып уйгурлардын укугунун корголуусун талап кылышкан.

Кытайдын жообу

Кытай болсо, эл аралык коомчулуктун сынына “кайра тарбиялоочу лагерлер” деп аталган жерлер “кесиптик билим берүү борборлору” экенин жана ал жерде кишилер “экстремисттик идеялардан арылып” жатканын айтууда.

Түркиянын дооматы

Түркиянын тышкы иштер министринин Кытай өлкөсүнүн уйгурларга карата системалуу түрдө жүргүзгөн ассимиляция саясатынын бүт адамзат атына чоң уят экенин айткан жайы бар. Кытайдан кайра тарбиялоочу лагерлердин жабылуусун ушул күнгө чейин министирлик талап кылып келет.

Түркиядагы Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик: “Бир миллиондой уйгур түрктөрүнүн жок жерден кайра тарбиялоочу лагерлерде камалуусу мыйзамсыз деп эсептейбиз жана алардын боштондукка чыгуусун талап кылабыз”- деп айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз