Воскресенье, 24 ноября

NASA жерди астероиттен коргойт

0

АКШнын улуттук авияция жана космосттук изилдөө башкармалыгы (NASA), жер планетасы менен кагылышуу коркунучу болгон астереоиддерди космосто зыянсыздаштырып, багытын бурууну максаттаган астероиддик коргонуу системасын алгачкы жолу 2022-жылы сыноодон өткөрөт.

Бул тууралуу NASAнын веб сайтында билдирилди. Билдирүүгө караганда сыноодон өткөрүлүүчү система “Астероиддин эки тараптуу багатын өзгөртүү операциясы” (DART) деп аталып, анын 2021-жылы июль айында космоско учурулаары жана ал 2022-жылдын сентябрь айында кинетикалык таасирдин натыйжасында астероидге сокку берээри жазылган.

Иштелип чыккан бул DART космостук операциясы 2022-жылы жер планетасынан 11 миллион километр аралыкта ишке ашырылат. Didymos аттуу экилик астероидге жетип борборундагы Didymos А астероидинин тегерегинде айланган Didymos В менен кагылышып кинетикалык таасирдин натыйжасында астероиддин багытын 1 пайызга өзгөртүүгө аракет жасалат. Муну жерден телескоп аркылуу көрүүгө болот.

NASA менен Жон Хопкинс Универстетинин колдонмо физикалык лабораториясы биргеликте ишке ашыра турган DART долбоору алкагында көптөн бери илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Астероиддик коргонуу системасы зыяндуу заттарды камтыган жана жерге жакын учуп жүргөн астероиддердин жер менен кагылышуусунун алдын алууну көздөйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз