Ош аэропортунда жасалма штамп менен Өзбекстандын жараны кармалды.
7-май күнү Ош аэропортунун чек ара көзөмөл пункттунда мыйзамсыз чек арадан Ош-Новосибирск рейси боюнча учуп өтүүгө аракеттенген Өзбекстан жараны кармалды.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кармалган 1988-жылы туулган Өзбекстан жараны А.М. чек ара көзөмөл пунктунан өтүп жатып жалпы жарандык паспортун көрсөткөн. Текшерүү учурунда паспортто штамптын датасы өзгөртүлүп оңдолгону аныкталган. Тийиштүү документтери толтурулгандан кийин кармалган киши УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.