Воскресенье, 24 ноября

ОБСЕ Тажикстан бийлигине кайрылды

0

7-май күнү ОБСЕнин (Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму)  массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Харлем Дезир Тажикстан бийлигин көптөгөн веб-ресурстарга, анын ичинде онлайн каражаттарга, социалдык тармактарга тыйуу салууну токтотууга, өлкөдө Google кызматына кирүүнү калыбына келтирүүгө чакырды.

Харлем Дезир өз сөзүндө: “Мен Тажикстан бийлигин жарандарына кабар сайттарына, жергиликтүү жана эл аралык интернет каражаттарына, социялдык тармактарга, издөө системаларына толлук жана чексиз байланыш мүмкүнчүлүгүн берүүгө чакырам. Интернетке тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүсүз жарандардын маалымат эркиндиги жана сөз эркиндигинин болуусу мүмкүн эмес” — деп айтты.

Белгилей кетсек, Тажикстанда акыркы он күн ичинде көптөгөн соцтармактардын программалары жана мессенжерлер мезгил мезгили менен токтотулуп, интернет байланышы үзгүлтүккө учараган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз