Воскресенье, 24 ноября

Ош шаарында үч үй өрттөндү

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча, бүгун 8-май күнү саат 12:23 чамасында Ош шаарынын Пахта көчөсүндө жайгашкан  №11,13,15 турак үйлөрдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдалдар министрлигине караштуу жалпы 4 бөлүм, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары өрт чыккан жерге “103”, “104”, РЭТ кызматтары тартылган. Өрт саат 17де көзөмөлгө алынып, учурда толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоодон үч турак үйдүн болжол менен 250 чарчы метр чатыры, бөлмөлөрдүн шыбы күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз