Кече, 9-май күнү саат 16:30да Түндүк Кореянын борбор шаары Пхеньяндын батыш жагындагы бир аймактан чыгышты көздөй ракеталар атылды.
Түштүк Кореянын Башкы Штабынын билдирүүсүндө, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.30да Түндүк Пхеньян аймагынан чыгыш тарапка ракеталар атылган. Атылган ракеталардын абалын аныктоо мүмкүн болбогону айтылды.
Белгилей кетсек, Түндүк Корея 4-майда Чыгыш деңизге карай бирден ашуун кыска аралыкка учуучу ракета аткан болчу.
Вонсан шаарында өткөрүлгөн машыгуу болсо, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын көзөмөлүндө аткарылганын Түндүк Кореянын расмий KCNA агенттиги кабарлаган болчу.