АКШ прзиденти Дональд Трамп коргоо министирлигине Патрик Шэнахэндин талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Сары Сандерс твиттер баракчасында билдирди.
Билдирүүдө “Коргоо министирлигинин милдетин аткарып келген Шэнахэн акыркы бир нече ай ичинде аткарган иштери менен бул кызматтка кайра келүүгө татыктуу экендигин көрсөттү”- деп жазылды.
Патрик Шэнахэн 2019-жылдын 1-январында Пентагондун төрагалыгына дайындалган болчу. Ага чейин ал АКШнын коргоо министринин биринчи орун басары болгон. Ошондой эле Boeing компаниясынын вице-президенти милдетин аткарган. Шэнахэн Массачусетск технологиялык институтунун бүтүрүүчүсү болуп эсептелет.