Воскресенье, 24 ноября

Израиль Газада майыптардын борборун бомбалады

0

Израилдин авияция күчтөрү Газа аймагындагы жүздөгөн жарандык имараттарга бомба таштап, анын ичинде Рафах шаарындагы майыптардын реабилитациялык борбору да бутага алынды.

Мектептер жана офистер менен бирге алты кабаттуу майыптардын реабилитациялык борбору да бомбаланып жок кылынды. Үч палестиналык талкаланган имараттын астында калды.

Майыптар Конфедерациясынын төрайымы Ясемин Абиддин айтуусунда бул борбор региондогу майыптардын жалгаз реабилитациялык борбору эле. Ясемин Абиддин соккудан жарым саат мурда имараттан чыгып кеткен:

Биздин борбор Рафах регионундагы жападан жалгыз реабилитациялык иштерди алып барган борбор болчу. Майыптардын муктаждыктарын гана эмес жабыркаган бардык жергиликтүү адамдарга колдон келген жардамды берчүбүз. Мен дагы өлүмдөн кутулуп калганыма ишене албай турам, дайыма өлгөн кишилердин арасында мен да болуп калышым мүмкүн эле деген ой менен жашайм” — деп айтты Конфедерация төраймы Ясемин Абид. Ал майыптардын реабилитациялык борбору болгону 3 ай мурун ачылганын кошумчалай кетти.

Рафах шаарынын тургундарынан бири Басим эд-Дахни Израиль армиясынын бул кылгын ишине эч таң калбагандыгын, себеби алар бул жол менен өз кылмыштарын жаап жашырууга аракеттенип жатканын билидирди.

“Палестиналыктарга каршы израилдиктер тарабынан мыкаачылык менен кандуу кылмыштар жасалууда. Биздин реабилитациялык борборубуздун Тель-Авивге кандайдыр бир коркунуч жаратуусу мүмкүн эмес эле. Дүйнөлүк коомчулук инсандык наамына бул иштерге кийгилишүүгө милдеттүү”— деп билдирди 33 жаштагы Палестиналык.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз