Воскресенье, 24 ноября

Түркия кыргызстандык бейтаптарга квотаны көбөйттү

0

Кыргызстан Тышкы иштер министирлигинин маалыматы боюнча, Түркия акысыз дарыланган кыргызстандык бейтаптадын квотасын 150 кишиге көбөйттү.

Маалыматка караганда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркиядагы расмий иш сапарынын жүрүшүндө квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлган. 2014-жылдан бери Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык жыл сайын 100 бейтап Түркияда акысыз дарыланат болчу.

Кошумчалай кетсек, эгерде кыргызстандык бейтапка Түркиядагы тиешелүү оорукана «дарылоо мөөнөтү 90 күндөн узакка созулушу мүмкүн» деген тастыктама берсе, анда жаңы келишимге ылайык аны коштоп келген эки тууганы  виза төлөмдөрүнөн бошотулат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз