“Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча Бишкектин кээ бир райондорунда 13-24 май аралыгында газ өчүрүлөт.
Билдирүүгө караганда, газдын өчүрүлүшүнүн себеби оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Оңдоп-түзөөлөрдөн максат колдонуучулардын коопсуздугу жана жабдуулардын авариялык абалга туш болбоосу үчүн экендиги маалымдалды.
Л.Толстой, Алыкулов, Ахунбаев, Садыркулов көчөлөрүндө, «Кока-Кола», «Шоро» райондорунда жана ошондой эле Жумушчулар шаарчасы районунда газ өчүрүлөт.