Воскресенье, 24 ноября

Жалал-Абадда өрт чыкты

0

ӨКМдин маалыматына караганда, бүгүн 10-майда Жалал-Абадда «Томас» ЖЧКсына таандык нефтебазадан өрт чыккан. Азыркы тапка чейин өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Маалыматка караганда министрдин буйругунун негизинде ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын күч каражаттары, мындан тышкары Ош облустук башкармалыктан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүм жана көбүк (пена) тартылууда.

«Учурда өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, 2 автошаты тартылды. Жеринде ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасынан өрт өчүрүүчү унаа өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө. Мындан тышкары болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган», — деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Нурдин Эрматовдун билдирүүсүнө караганда Жалал-Абад облустук ооруканада, Сузак райондук аймактык жана Октябрь райондук аймактык ооруканаларда 30 койка даярдалган. Кокустан өрттөн жабыркаган адамдарга ыкчам жардам берүү үчүн атайын койкалар даярдалды. Ал эми өрт орун алган жерде 2 реанимобиль жана 2 тез жардам унаасы даярдыкта тургандыгын айтты. Ага кошумчалай «Эртең менен чакыруу түшкөн. Азыр 4 бригада даярдыкта турат. Техникалар да тартылган. Буга чейин эки адам ооруканага жеткирилип, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө. Андан башка адамдар жабыркаган жок», — деди Эрматов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз