Понедельник, 13 мая

Дагы деле Ысык-Көлгө барса болобу? Кыргызгидромет кандай аба ырайы болоорун айтты

0

Кыргызгидромет ушул аптада аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.

Синоптиктердин айтымында, 7-8-август күндөрү абанын температурасы 6-7 градуска төмөндөп, жер-жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бирок 9-августтан тарта күн кайрадан ысый тургандыгы күтүлүүдө.

Чүй, Талас облустары

Апта башында күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 10-августтан тарта күн кайрадан ысыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-7-8-августта жана 11-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Аймактарда апта бою айрым жерлерде маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-августта күндүз, 7-8-августта жана 11-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл

Көл кылаасында да аба ырайы жуманын аягына чейин жаан-чачындуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 6-7-8-августта жана 11-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын

Апта жаан-чачын менен башталып, 10-августта күн ачылат. Бирок 11-12-августта жер-жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү божомолдонууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз