Вторник, 21 мая

ЦРУ: Биздин балдар жасады

0

1980-жылдын 12-сентябры. Түркия эли уйкудан ойгоноору менен эң алгач көчөдөгү аскерлерди көрдү. ММКлар жана микрофондор аркылуу “Эч ким көчөгө чыкпасын” деп эскертүүлөр берилди. Өлкө радиодон бийлик кулатылганын укту. Эл добуш берип шайлаган бийликти генерал Кенан Еврен баштаган куралдуу күчтөрдүн тобу басып алган болчу.

Түркиядагы генералдардын үчүнчү жолу (1960 жана 1971-жылдагы төңкөрүштөрдөн кийин) мамлекеттик бийликти басып алышы эле. Буга чейин бийлиги басып алынып, өзү генералдар тарабынан дарга асылган Аднан Мендерести эл дагы деле жакшы көрчү жана эл арасында генералдарга карата ыза күчтүү эле.

Генерал Кенан Еврен бийликти басып алганда эмнелерди кылды? Айрымдарын гана санайлы…

Камакка алынгандардын саны: 650.000       

Суракка алынгандардын саны: 1.683.000    

Козголгон кылмыш иштеринин саны: 210.000       

Улантайынбы?

Ооба, өзүм маанилүү деп эсептеген фактыларды гана айтайын

Жарандыктан чыгарылгандар: 14.000        

Паспорт берилбегендер: 388.000

Ачкачылык жарыялап өлгөндөр: 14

Өз ажалынан өлдү деп жарыялангандар: 73

Өзүн өзү өлтүрдү делгендер: 43     

Камактагы кыйноодон өлтүрүлгөндөр: 171

Сөз эркиндигиби?

Камакка алынган журналисттердин камактагы мөөнөтү жалпы 3315 жыл 3 ай.

Стамбул газеталары жалпы 300 күн  басылган эмес.

Өрттөлүп жок кылынган газета, журнал, китептердин жалпы салмагы 39 тонна.

Өрттөлүү үчүн топтолуп, кампаларда турган маалымат булактары 40 тонна.

Сөз эркиндигине тыюу салган мыйзамдардын саны 151.

Биринен бири өткөн коркунучтуу сандагы мындай жазалардан кийин биз жакшы көргөн “демократиялуу мамлекет” түшүнүгүнөн эмне калат?

Биздин балдар бул ишти жасады!

Жооп ушул демократиянын аталарынан келген болчу. АКШнын борбордук чалгындоо кызматынын Анкара бюросунун директору Paul B. Henze: “Бул ишти биздин балдар жасады” деди. Кийинчерээк бул сөздүн туура эмес жеткирилгени жөнүндө канча жолу актанганы менен, ушул сыяктуу дагы бир көрсөтмөнү ЦРУнун мурунку агенти Джон Перкинс берген. «Исповедь экономической убийцы» (англ. Confessions of an Economic Hit Man) китебинде АКШнын көрсөтмөсү менен кайсы өлкөдө кантип төңкөрүш кылганын бүт айтып берет.

Гладио

Окуя Гладиодон башталат. Гладио кансыз согуш жылдарында НАТО өлкөлөрүндө курулду. Максаты, Советтер Союзу баш болгон коммунистик блок кол салып басып ала турган болсо, аймактарда “горилла” операцияларын уюштуруу үчүн атайын даярдыктагы мекенчил күчтөрдү түзүү.  Бирок НАТО өлкөлөрү атайын даярдыктагы күчтү аймактардагы солчул кыймылдарды басуу, мамлекеттик бийликти Американын саясатына ылайык багытта алып кетүү үчүн колдонушту.

Бул жерде көпчүлүк колдоно бербеген, балким  тааныш да эмес бир термин чыгат. “Терең мамлекет” же “терең бийлик”. Расмий бийликти  эл шайлайт, жана бул бийлик да мамлекет үчүн жооптуу. Ал эми терең бийлик ушул Гладионун колунда эле. Алардын элдин алдында эч кандай жоопкерчилиги жок, мамлекеттик иштерде кандай таасир этип атканы, позициялары да сырттагы кишиге билинбейт.  Жашыруун.

Гладионун жаңы жүзү ФЕТО

Гладио сөзү алгачкы жолу 1991-жылдары ачыкка чыкты. Кансыз согуш бүтүп, Италияда бул уюм колго түшүрүлдү. Италиядагы аты Гладиа болчу. Советтер Союзу тарап, коммунисттик коркунуч жоюлгандыктан, бул уюмдун миссиясы да аякташы керек эле.  Бирок АКШ мындай күчтөрдү мамлекеттин саясатында колдонгондуктан жоготуп алгысы келбеди. Аны диний секталар аркылуу жаңыдан түзүп чыкты. Гладио Түркияда Фетхуллах Гүлен террордук уюму аркылуу жаңы беткап кийди. Гладио аскердик күч же чалгындоо кызматы эмес. Гладио мамлекеттик түзүлүштүн ичине сүңгүп кирип, мамлекеттик структуранын баардык жеринде болот. Окумуштуу, мугалим, акын, жазуучу, сот, милиция, саясатчы, коомдук ишмер, массалык маалымат каражаттары сыяктуу баардык тармактарда орун-очок алат. Кандайдыр бир долбоорго киришкенде керектүү жердеги бул адамдар коомчулукту каалаган багытка бура алышат. Мисалы бир кылмыш иши козголсо, аны ФЕТОчу милициясы кармап келет, ФЕТОчу соту кылмыш ишин козгойт, ФЕТОчу медиа жаңылыктардан каалагандай маалыматтар менен коомчулукка кабар берип турат. ФЕТОчу коомдук ишмерлер да саясатты керектүү багытка бурат.

Кош бийлик

Мамлекеттин башындагы расмий бийликке паралел болгон кош бийликтен сөз кылып атабыз.  Эгер расмий бийлик керектүү багытта кетпесе, Түркиянын тарыхы көрсөткөндөй аскердик төңкөрүш уюштуруп эки бийликти да колго алат. ФЕТОчу кош бийликтин кадрлары (чалгындоо кызматкерлери, куралдуу күчтөртөрү) АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматында (ЦРУ) машыктырылып, даярдыктан өтүп турган. Мамлекеттик башкаруудагы керектүү жерлерге ылайыктуу кишилер коюлуп, алар аркылуу АКШнын саясатын жүргүзүп турган. Эгер кайсы бир жерде “туура эмес” нукта кетип атса, өкмөттү аскерлер аркылуу коркутуп жолго салган. Албетте, “бөтөн” кадрларды тазалап, ордуна өздөрүнүкүн жайгаштыруулар да болуп аткан.

Натыйжада Түркияда бийликти АКШ жүргүзүп калган эле… НАТОнун  Гладиочу да ФЕТО уюмуна айланган болчу…

Уландысы бар…

Гиза Маматкулова

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз