Пятница, 17 мая

Түркия Иерусалимдин статусунун өзгөрүүсүнө каршы

0

Президент Эрдоган Дүйшөмбү шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин жыйынында сүйлөдү.

Түркия Иерусалимдин статусунун өзгөрүүсүнө каршы. Бул тууралуу Түркиянын президенти  Режеп Тайип Эрдоган Дүйшөмбү шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Түркия баардык өлкөлөрдү Иерусалимдин тарыхый жана укуктук статусун, бул боюнча БУУнун резолюциясын сыйлоого чакырат», — деди Эрдоган.  

Анын айтуусунда, Түркия ошондой эле аймактагы дагы бир курч көйгөй болуп саналган палестин-израил чыр-чатагын жөнгө салууда жигердүү позицияны карманууда.

Палестиналыктарды оккупациядан, ырайымсыз жана адилетсиз мамиледен коргоо – адамзаттын милдети деп белгиледи президент.

«Түркия аймактагы тынчтык, бейпилдик жана өсүп-өнүгүүнү камсыз кылууга умтулат. Анкара кошуна Сириядагы согушту бүтүрүүгө жана бейпилдикти камсыз кылууга баардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Түркиянын аскер-аба күчтөрү ДЕАШ жана PKK/YPG  террорчуларына трансчегаралык операцияларда аёсуз сокку урду. Террорчулардан дээрлик төрт миң квадрат километр аянт тазаланды. Түркиядан Сирияга 330 миң качкындар кайтып барышты», — деди Эрдоган. 

Президент Түркия ошондой эле Афганистандагы тынчтыкты камсыз кылуу жана зомбулукту токтотуу боюнча аракеттерди колдой тургандыгын белгиледи.  

2019-жылы Афганистан боюнча «Азиянын жүрөгү» деп аталган конференция Стамбулда өткөрүлүп, дал ушул маселеге арналарын белгиледи мамлекет башчы.

Анын айтуусунда, дүйнөдө террорчулук жана экстремизм күч алууда.

«Террор жана зордук-зомбулук эч кандай актоого жатпай тургандыгын белгилегим келет. Андыктан бул маселеде чечкиндүү жана так көз карашты кармануу өтө маанилүү. Бир террордук уюмду башкасынын колу менен жок кылуу саясаты андан да көп кан төгүүгө, зомбулукка жана оккупацияга алып келет. Тилекке каршы Сириядагы кырдаал бул айткандарга так мисал боло алат», — деди Эрдоган.  

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз