Воскресенье, 24 ноября

Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин 5-саммитинин декларациясы

0

Израиль 3 параграфты колдогон жок.

15-июнда  Дүйшөмбүдө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы астында Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин 5-саммити өттү.

Жыйындын соңунда “Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңеши. Аймактын коопсуз жана өнүккөн аймак катары жалпы көрүнүшү”,- деп аталган Декларация кабыл алынды.

Израиль 17, 18 жана 19-параграфтарга каршы чыкты.

Декларациянын тексти кыскача төмөндөгүдөй:  

Биз, Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча Жыйындын мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери жана өкмөт башчылары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 2019-жылы 15-июнда Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына уюмдун 5-саммитине учурдагы, жаңы жана жаралып жаткан көйгөйлөрдү кароо, зарыл жооп бере турган чараларды жана демилгелерди иштеп чыгуу үчүн чогулдук;

Уюмдун негиздөөчүсү катары Улуттун лидери жана Казакстан Республикасынын Биринчи президенти Н. А. Назарбаевдин жеке салымын жогору баалап, мындан ары да жигердүү катышарына, Азиядагы тынчтыкты, коопсуздукту жана өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот деп  ишенебиз;

Биздин БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун жана принциптердин 1999-жылы 14-сентябрда жана 2002-жылы 4-июнда Алматы актында кабыл алынган актыларга берилгендигибизди дагы бир ирет тастыктайбыз.

Жалпысынан жыйындын катышуучулары 49 пункттан турган документ кабыл алышты жана кол коюшту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз