Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 986 маршрутка чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин отчетунда айтылат.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү эки тарапка тең бошотулду. Эми бул тилкеде маршруткалардын ордуна автобустар жүрө баштады.
Ошондой эле бүгүнкү күндө Байтик Баатыр көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүн маршруткалардан бошотуу долбоорлору иштелип чыкты. Бул жерде дагы 2 маршруттук линия автобустарга алмаштырылат.
