Четверг, 30 апреля

Мамлекеттик ипотекалык компания 14 миң батир курат

0

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) президент койгон тапшырманын негизинде келерки эки-үч жылда Кыргызстандын аймактарында 13 857 батир курат. Бул тууралуу 9-февралда компаниянын директору Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин “Элдик” фракциясынын Бишкектеги көчмө жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул батирлердин баарынын аянты 847,5 миң чарчы метрди түзөт. Учурда Бишкек шаарында 429 чарчы метрлик 6 890 батир, Жалал-Абад облусунда 116,5 чарчы метрлик 1 895 батир курулуп жатат.

Шыкмаматов Таласта жер тилкелерди трансформациялоо аяктап жатканын, Нарында процесс бүткөнүн, долбоор менен экспертизалар даярдалганын, курулуш февралда башталарын айтты. Каракол шаарында болсо 30 гектардык жер тилкесинин долбоордук-сметалык документациясы даярдалууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз