Среда, 9 сентября

Акылбек Жапаров: Түрктөр менен чогуу логистикалык борбор курабыз

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында электрондук коммерция боюнча Trendyol логистикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Компаниянын ишмердүүлүгүн көрүп чыккан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Trendyol логистикалык борборунун өкүлчүлүгүн Кыргызстандын Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына ачууну жана өлкөдө онлайн соода жүргүзүү ишин жандантууну карап чыгуу тапшырмасын КР экономика жана коммерция министрине берди.

Ал эми Trendyol компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын 50 миңге жакын жараны тиркемени уюлдук телефонго жүктөгөнүн, ошол себептүү ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Trendyol Түркиядагы эң ири онлайн соода жүргүзгөн компания, мында 18 млн товардын түрү бар. Күнүнө дүйнөнүн 30 миллиондон ашуун сатып алуучуларын тейлейт. Айта кетүүчү жагдай Кытайдын Alibaba компаниясы Trendyol компаниясынын 86% акциясына ээ.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз