Ош шаарында туристтер үчүн «Босого» маалымат борбору ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан кабарлашты.
Борборго кайрылган туристтер:
- кайсы жерлерге баруу керектиги;
- мейманканалар;
- гиддер жана логистикалык компаниялар;
- даамдуу тамактануучу жайлар;
- сим-карта алуу;
- зарыл болгон учурда документтерди кантип түзүү керектиги тууралуу маалыматтарды ала алышат.
Белгилей кетсек, ушундай эле маалымат үстөлдөрү Бишкектеги Улуттук тарых музейинде жана «Манас» эл аралык аэропортунда ийгиликтүү иштеп келет.
