Среда, 9 сентября

Кыргызгидромет аба-ырайы тууралуу маалымат таратты

0

Бүгүн күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 10…15, Таласта 8…13, Ысык-Көл облусунда күндүз 3…8 жана Нарында -4…+1 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын табы 13…18 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек шаарында жаан-чачын ыктымалдыгы аз, күндүз 13…15 градус жылуу болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз