Понедельник, 20 мая

Илхам Алиев шайлоодон кийинки алгачкы сапарын Түркияга жасады

0

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүндө 7-февралда өткөн президенттик шайлоодон кийин алгачкы расмий сапары менен Түркияга барды.

Түркиянын президентинин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүндө мындай деп айтылат, «Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган мырзанын чакыруусуна жооп катары Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев 2024-жылдын 18-19- февралында өлкөбүзгө расмий сапар менен келет. Сапар 7-февралда Азербайжанда өткөн президенттик шайлоодон кийин Алиев мырзанын эки тараптуу деңгээлдеги биринчи чет элдик сапары болот».

Билдирүүдө: «19-февраль дүйшөмбү күнү боло турган жолугушууларда Түркия менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар ар тараптан каралып, кызматташтыкты дагы да тереңдетүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат. Эки тараптуу карым-катнаштар менен катар учурдагы аймактык жана глобалдык абалдар боюнча пикир алмашуу болот»,- деп айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз