Воскресенье, 30 июня

Газада Израилдин кол салуусунан каза болгондордун саны 40 миңге жакындады

0

Израиль армиясынын акыркы  он күндө Газа тилкесине жасаган кол салууларында  360 палестиналык набыт болду.

Газадагы Палестина Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израилдин Газа тилкесине 262 күндөн бери жасаган кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Ушуга караганда Израиль күчтөрүнүн акыркы  24 саатта Газанын түрдүү аймактарында ишке ашырган кол салууларында 28 киши каза болуп, 66 киши жаракат алды.

Израиль армиясынын Газага карата кол салууларында  акыркы  10 күндө  360 киши набыт болду.

Израилдин 2023 —  жылдын  7 —  октябрында Газага карата баштаган кол салууларында набыт болгондордун саны  37 миң  626га, жаралуулардын саны  86 миң  98ге жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз