Вторник, 2 июля

Түштүк Корея заводдо чыккан өрттөн 20 киши каза болду

0

Түштүк Кореянын борбору Сеулдун түштүгүндөгү литий батареяларын  чыгарган заводдо чыккан өрттө алгачкы белгилөөлөргө  караганда 20 киши каза болду.

Йонхап  агенттигинин маалыматына ылайык, Сеулдун түштүгүндөгү Хвасон шаарындагы литий батареяларын чыгарган заводдо чыккан өрткө өрт өчүрүү кызматы кийлигишти.

Өрттөн улам алгачкы кабарларга караганда  20 кишинин каза болгондугу, каза болгон жумушчулардын күбөлүктөрүнүн азырынча аныктала албагандыгы белгиленди.

Жетекчилер экөөсү оор жараланган 4 кишинин ооруканага жаткырылгандыгын, заводдо калган башка жумушчуларды издөө — куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын билдиришти. Учурда өрттүн  чыгуу себептери изилденүүдө.

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл өрттү өчүрүү жана  калган жумушчуларды куткаруу үчүн  бардык кызматкерлерди жана техниканы мобилизациялоо боюнча чукул буйрук чыгарды.

Ички иштер жана коопсуздук министри Ли Санг Мин да тиешелүү мамлекеттик мекемелерди жана жергиликтүү  башкаруу органдарын  бардык ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялоолорун суранды.

Ички иштер министрлиги окуя боюнча иликтөө иштеринин башталганын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз