Чоң Чүй каналынын жээгин көрктөндүрүүнүн эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эскиздик долбоор Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан даярдалып, жергиликтүү органдарга сунушталды.