Понедельник, 16 сентября

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда

0

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу бүгүн, 6-сентябрда саат 20:00дөн тарта Горький көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн кесилиши жабылат.

Белгилей кетсек, М. Горький көчөсүндө, Ч.Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин жана К. Тыныстанов көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин бир катмар асфальтбетон төшөө иштери аяктаган.

К.Тыныстанов көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн ортосундагы аралыкта жол жээгиндеги эски бетон бордюрларды чыгарып, жаңы бордюрларды орнотуу, асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүүдө.

М. Горький көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнөн чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 4 чакырым.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз