Понедельник, 23 сентября

Жаан жаайбы? ӨКМ маалымат таратты

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +23…+28, Талас, Нарын облустарында +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл облусунда +17…+22, ал эми борбор калаа Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +28…+30 градуска чейин ысык болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз