Кайра иштетилген этти көп колдонуу деменция коркунучун жогорулатышы мүмкүн.
Гарвард университетине караштуу Т.Х. Чан Коомдуy cаламаттыгын сактоо бөлүмүнүн изилдөөчүлөрү колбаса жана салями сыяктуу кайра иштетилген эт азыктарын көп жеген адамдардын деменцияга чалдыгуу коркунучу жогору экенин аныкташты.
Science Dailyнин кабарына караганда деменция диагнозу коюлбаган орточ 49 жаштагы 134,000ге жакын катышуучу ар бир
2 — 4 жылда бир жеген тамак — аштары жана буларды канчалык көп жегенин тизмелеп тамак-аш күндөлүгүн толтурду.
Изилдөөчүлөр катышуучуларды күнүнө жеген кызыл эттин орточо көлөмүнө карап «аз керектөө», «орто керектөө» жана «көп керектөө» деп үч топко бөлүштү.
Изилдөөнүн натыйжасында кайра иштетилген кызыл эт азыктарын «көп» керектеген адамдардын кийинки жылдарда деменция диагнозун алуу ыктымалы «аз» керектегендерге салыштырмалуу 13 пайыз көп экендиги ортого чыкты.
Изилдөө көрсөткөндөй, кайра иштетилбеген кызыл этти көп керектеген кишилер менен аз керектегендердин арасында деменция диагнозун алуу коркунучунда эч кандай айырма жок.
Бир тараптан изилдөөчүлөр күнүнө бир порция иштетилген кызыл эттин ордуна бир порция жаңгак же буурчак жегендин акыл-эстин бузулуу коркунучун 19 пайызга, балыктын 28 пайызга жана ак эттин 16 пайызга азайтаарын баса белгилешти.
Изилдөөнүн жыйынтыгы «Journal of the American Academy of Neurology» журналында жарыяланды.